Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баласынын кармалышы боюнча Баткен облусунун башчысы: мыйзам баарына бирдей

Алишер Абдрахманов тергөө калыс болот деп ишендирди

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Vesti.kg сайтына уулунун Москва шаарында алдамчылыкка шектелип кармалгандыгы жөнүндө комментарий берди.

- Ооба, бул менин балам, - деп тастыктады облус башчысы. - Тергөө иштери жүрүп жатат. Бардыгы мыйзамдын чегинде чечилет. Мыйзам баарына бирдей. Тергөө кийин баарын тактайт. Азырынча ушуну гана айта алам.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты Баткен облусунун башчысынын уулу Азиз Орозбаев Москва шаарында алдамчылыкка шектелип кармалгандыгын билдирген. Белгиленгендей, өткөн жылы Азиз үч кыргыз жараны менен биргеликте ишкерге  2165 350 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.

Азиз Орозбаев былтыр жазында тергөө иштеринен дайынсыз жоголгон. Январь айында ага сыртынан айып тагылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдрахмановдун уулу 2020-жылдын 4-сентябрында Москва шаарынын Красносельский районунда аймактык укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Кармалган адамды андан ары экстрадициялоо маселелери менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы алектенет.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх