Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мына мас ИИМ кызматкерлери рулга отурду!" Жаран күзөтчүлөрдү видеого тартып, уят кылган (видео)

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы тартылган видеону текшерип  жатат

Жалал-Абадда мас абалындагы милиция кызматкерлери видеого түшуп калган, алардын бири ушул формада рулга отурган. Тийиштүү видео Фейсбук социалдык тармагында тарады. Видео качан тартылганы азырынча белгисиз.

Vesti.kg сайты Жалал-Абад ОИИБинен түшүндүрмө сурады, алар бул маалыматты текшерип жатабыз деп жооп беришти.

 

Элге видео тарагандан кийин Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы форма кийген адамдар милиция кызматкерлери экендигин тастыкташты.

"Формачан иштеген кызматкерлердин катышуусунда тартылган видео июль айында тартылган", - деп билдиришти департаменттен. - Видеодогу жарандар Токтогул РИИБдин кызматкерлери. Учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Жыйынтыгын кийинчерээк билдиребиз.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх