Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери Ош облусунун райондук сотунун төрагасын кармады (сүрөт)

Сот акча алып жаткан учурда  кармалды

Өткөн жума күнү 11-сентябрда  "Ж.З." аттуу жарандан  арыз келип түшкөн . Кыргыз Республикасынын УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгы сотко чейинки процесстин материалдарын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча каттады.

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы "А.Ж.С."  "Ж.З.дан" экинчисинин пайдасына соттун оң чечимин чыгарганы үчүн акча талап кылган. 

2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө ишинин негизинде, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылынган сумманы алып жаткан жеринен пара менен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх