Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы: Менин уулум унаа токтотуучу жайдын кароолчусуна күч колдонгон жок

Шухрат Сабиров уулун ойлонбой иш кылууга мажбур кылган деп ишенет. Расмий өкүл мекендештерден эмне болгонун түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу  Аброр Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

Сабировдун айтымында, анын уулуна КР Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, ал сунушталган берене менен макул эмес.

- Анын бул иш-аракетин талап-тоноо деп эсептебеш керек, анткени ал унаа токтотуучу жайдын кароолчусуна эч кандай зордук-зомбулук көрсөткөн эмес, - деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы. - Муну күзөтчү өзү тастыктады жана эч кандай дооматы жок. Буттары менен колдору байланып, унчукпай турууну суранышты. Ошондой эле, уулу өзүнө таандык унааларды уурдаган деп айыпталууда.

Кийин белгилүү болгондой, Шухрат Сабировдун уулу унааларды сатып жаткан. Бир нече убакыттан кийин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Каржы полициясы) анын эки унаасын айып жайга киргизген.

- Каржы полициясы 2,5 ай ичинде убактылуу алынган автомобилдер боюнча эч кандай чечим кабыл алган жок, менин уулум мындай ойлонулбаган жорукка барууга аргасыз болду, - деп баса белгиледи Шухрат Маматалиевич. - Бизнес баштаардан мурун, ал сумманын көпчүлүгүн жолдошторунан карызга алган жана ал карыздарды төлөп бериши керек болчу. Ал окуяны эки күндөн кийин  билдим. Башында ал эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Бул биз үчүн сыноо. Биздин жарандардан түшүнүү менен мамиле жасоону суранам.

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысынын уулу Аброр Сабиров өнөктөшү менен 7-сентябрда  унаа токтотуучу жайдын кароолчусуна байкалбай эки унааны алып качышкан, жаңы имараттарынын бирине жашырууга аракет кылган деп шектелип жатат.

Элдос Казыбеков
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх