Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМДИН БМЖКККНЫН Кыргызстандын түштүгүндө Ооган гашишинин ири партиясын кармады (сүрөт)

Жарандан  2 кг дай "чарс" деп аталган зат табылган

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери шектүүнү 2 килограммга жакын гашиш менен кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлеринин баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.
Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.
Ыкчам-тергөө амалдары Баткен облусунун Кадамжай шаарында жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1979-жылы туулган У.З. аттуу жаран кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар каражат табылып алынган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы "Гашиш" баңги каражаты экендиги аныкталды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх