Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо түн ичинде аялдарга бычак менен кол салган адам кармалды (сүрөт)

Ал жабырлануучулардын биринин башына балка менен бир нече жолу урган. Андан кийин аны дааратканага алып барып, зордуктаган

Сентябрдын ортосунда, бир нече күн аралыгында, Каракол ШИИБге жергиликтүү аялдардан үч арыз келип түшкөн. Алар караңгыда медициналык маска кийген белгисиз адам көчөдө кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алышкан деп түшүндүрүшкөн. Жабырлануучулардын бири кол салган адам уюлдук телефонду алганга чейин, аны зордуктоого аракет кылганын, экинчиси каршылык көрсөтүп жатып катуу сабалгандыгын белгиледи.

Акыркы жабырлануучу Ак-Суу районунун 36 жаштагы тургуну ошол күнү Каракол мейманканаларынын биринде түнкү нөөмөттө тургандыгын айткан.

Түнкү саат 22лер чамасында медициналык масканы кийген белгисиз адам ал жаткан эс алуу бөлмөсүнө кирип барган. Башын балка менен бир нече жолу ургандан кийин, ал бычак менен коркутуп, акча талап кылган. 6800 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана эки уюлдук телефонун тартып алган кылмышкер аялды дааратканага алып кирип, зордуктап, андан кийин изин суутуп кеткен.

Бардык арыздар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын КЖБР АМ каттоосунан өтүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 138 (Ден-соолукка олуттуу зыян келтирүү), 161 (Зордуктоо), 162 (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 202 (Каракчылык) беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды.

 

Бул кылмыштарды кыска мөөнөттүн ичинде ачуу максатында, даярдыгы бар милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.
29-сентябрда милиция кызматкерлери аталган кылмыштарга тиешеси бар шектүүнү кармашты. Бул Каракол шаарынын алдын-ала сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган 27 жаштагы Ж.У. Кылмыштын куралдары - балка жана бычак - буюм далил катары алынган.

Кармалган адам Каракол ОВДнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бардык 5 факт боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды.

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх