Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери "Финансы полициясынын" ыкчам кызматкерин 1500 доллар пара менен кармады (сүрөт)

ЭКККМК капитаны системалуу түрдө жеке компаниядан акча талап кылган

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) кызматкерлери тарабынан кылмыш иши боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн жеке компаниянын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Бүгүн, 2-октябрда, Бишкек шаарында, ЖАМКтын Ички коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чараларынын жүрүшүндө, ЖАМКтын ага ыкчам кызматкери, капитан М.К.К., 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Мамлекетке КНС төлөө маселесин оң чечүү үчүн ЖЧКлардын биринен акча талап кылган.

Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында, акча талап кылуу фактысын документтештирүү жана ЖАМКтын башка кызматкерлеринин катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх