Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Полициянын унаасы ырчы Юлия Руцкаянын апасын сүзүп кетти. Күнөөлүү адам чыгымын толук төлөөгө даяр

Кырсыктан кийин ырчынын апасынын баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканага жеткирилген

Ырчы Юлия Руцкаянын апасы жаракат алган кырсыкка байланыштуу видео кайрылуусу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

- Кечээ, болжол менен саат 14.00 чамасында, ички иштер органдарынын кызматкери Nissan Almera кызматтык унаасын айдап, Үсөнбаев көчөсү менен түндүктөн түштүккө бара жатып  жөө жүргүнчү  1950-жылы туулганА.С.ны сүзүп кеткен- дешти жол кайгуул кызматкерлери. - Кырсыктын кесепетинен жаран А.С. баш мээси чайкалгандыгы боюнча алдын-ала диагноз менен ооруканага жеткирилген. Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине ылайык КЖБР АМ катталган.

Белгиленгендей, милиция кызматкери өзү күнөөсүн четке какпайт жана материалдык чыгымды толугу менен төлөп берүүгө даяр.

Сотко чейинки өндүрүш үчүн жабырлануучунун ден-соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоочу соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Соттук-автотехникалык жана соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин СВР кызматы текшерүү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, белгилүү ата мекендик ырчы Юлия Руцкаянын алдында Instagram социалдык тармагындагы баракчасында энеси тротуарда жыгылып калганын билдирген. Ал унаада укук коргоо органдарынын номерлери бар экендигин белгиледи.

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх