Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын АКК: Мамэкотехинспекциянын экс-директору Жолдошбек Джунушев кармалды

Анын коррупциялык схеманы башкарып, мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө белгилүү бир бөлүгүн системалуу түрдө алгандыгы аныкталды

УКМКнын АККы мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө экс-директор Жолдошбек Джунушевдин жетекчилиги астында өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схеманы жок кылды.

Мамлекеттик экотехинспекциянын жооптуу кызматкерлеринин ичинен коррупция чынжырынын бардык катышуучулары аныкталды, анын ичинде бөлүм башчы жана сектор башчысы дагы бар, алар тарабынан кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Сотко чейинки иликтөө материалдарынын алкагында, аталган коррупциялык схеманы  экс-директор Жолдошбек Джунушев башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарын бөлүштүрүүдө системалуу негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталды.

Бүгүн, 2020-жылдын 20-октябрында Джунушев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх