Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арашан айылынын тургуну өгөй атасын балта менен өлтүрдү (сүрөт)

Алкоголдук ичимдиктерди ичип жатканда, алардын ортосунда  жаңжал чыккан

Бүгүн саат 04:22 чамасында Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылынын үйлөрүнүн биринде адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Жеринде жүргөн полиция кызматкерлери 2020-жылдын 21-октябрында спирт ичимдигин ичкен учурда 65 жаштагы К.А. жана анын биринчи никесинен чыккан аялынын уулу сөздөн-сөз чыгып урушуп, натыйжада бала  өгөй атасын балта менен бир нече жолу урган.

 

Алынган жаракаттан улам жаран эсине келбей, ошол жерден көз жумган. Бул факт КЖБРдин автоматташтырылган системасына  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталган.

Кылмышка шектүү 30 жаштагы С.К. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх