Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жарандын үйү шыпка чейин таштандыга толуп, бөлмөнү тазалаганга туура келди (видео)

Эки бөлмөлүү батирге 5 тоннага жакын таштанды чогултулган

Бишкек шаарынын мэриясына шаардыктардан Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде таштанды сактаган кошунасы боюнча арыздар менен кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылууда антисанитардык шарттардан улам таракандар жана башка кооптуу курт-кумурскалар пайда болуп, тепкичке, коңшу батирлерге жагымсыз жыт  келе баштагандыгы көрсөтүлгөн. Тургун кошуналарына эшик ачпайт, байланышка чыкпайт.

МТУнун жана "Тазалык" ЖКнын кызматкерлери жерге барышты - бардык жайлар шыпка чейин таштандыга толгон. Батирде ажаткана жок, аял үйдүн ичинде эле өзүн жеңилдеткен.

Так ушул тапта муниципалдык кызматтар облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте таштандыларды чыгарып жатышат. Буга чейин эки бөлмөлүү батирге 5 тоннага жакын таштанды чогултулган. Жашоо аянтын тазалоо үчүн 10дон ашык рейс талап кылынат. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери дагы бар.

Белгилей кетсек, эки жыл мурун муниципалитеттин кызматкерлери ошол эле батирден бир нече тонна таштанды чыгарган.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх