Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Каржы полициясы" тарабынан Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын катышуусунда коррупциялык схема аныкталды

Чиновниктер мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтиришкен

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) тарабынан Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталды, алардын иш-аракеттери менен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө 9 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Бийликтин ыйгарым укуктарына ээ болгон бул кызмат адамдары мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч туудурган өзүнчө алтын өндүрүүчү компанияга (ЗАО «КГ.К.») мындай жеңилдиктер менен артыкчылыктарды камсыздашкандыгы аныкталды. Натыйжада аталган компания тарабынан мамлекеттик бюджетке кошумча эсептелген салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөн эмес.

Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча катталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ЭКККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх