Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулуктун жараны бир тууганын балта менен өлтүрдү деп шектелүүдө

Милиция кызматкерлери аны кармашты

Сокулук районунда бир тууганынын өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 19-октябрында саат 17.17 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Кылмыш болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде, 69 жаштагы А.М., өзүнүн иниси 64 жаштагы А.Д. менен урушуп, экинчисин балта менен чапканы аныкталды. Натыйжада, адам алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча козголгон кылмыштардын негизинде КЖБРдин АСке катталган. Бул кылмышка шектүү катары А.М кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх