Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК эл аралык террористтик уюмдун каржылоочусун кармады

Бир адам Сириядагы согушкерлер үчүн акча чогулткан

2020-жылдын 26-октябрында УКМК эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Н. кармалган.

Кармалган адам МТОнун лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча аларды андан ары Сирияда согушуп жаткан бандиттик кошуундарга жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөнү аныкталды.

 Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки процесстин материалдары КЖБРдин АСке катталды.

Кармалган адам УКМКнын абагына киргизилген.

Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх