Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы полициясы өкмөттүн Сот өкүлчүлүктөрү борборунун мурдагы директорун кармады

Чиновник 12 миллион доллардан ашык өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, Өкмөттүн Сот Өкүлчүлүктөрү Борборунун (ЦСП) мурдагы директору Ш.Т. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Өкмөттүн Сот Өкүлчүлүктөрү Борборунун жана Финансы министрлигинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө - 12 миллион доллардан ашык суммадагы (1 миллиард сомго жакын) зыян келтирилгендиги аныкталды.

Учурда бул иш тергелип, тиешелүү жогорку кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда Vesti.kgнин өздүк булактары Тилек Шамбетов кармалганын кабарлашты.

АКККтин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх