УКМК АКК: ИИМДин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды (сүрөт)
Милиция кызматкери кылмыш ишин 1000 долларга токтотууну убада кылган
9-ноябрда УКМК АКС кызматкерлери ыкчам-изилдөө ишинин жүрүшүндө, ИИМдин КККБ кызматкерлери менен биргеликте, 30 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен А.Б.кармашкан.
Кармалган адам жакын тууганына карата козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 доллар талап кылгандыгы аныкталды.
Сотко чейинки иликтөө материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРдин АСке катталган. Кармалган адам Жалал-Абад убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз