Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери 5 миллион сомдук товарларды мыйзамсыз экспорттоо аракетин токтотушту (сүрөт)

Жүк сактоочу жайды текшерүү учурунда декларацияланбаган товарлар табылды

Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы аймагына жана ЕАЭБ аймагынан мыйзамсыз ташып келүү / ташып кетүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаардык МПТБнын Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны “А. уулу А. " Volvo үлгүсүндөгү автоунаасы менен токтотулган.

Жүк бөлүгүн текшерүү учурунда декларацияланбаган товарлар - жалпы салмагы 12198,8 кг болгон ар кандай тиричилик техникалары, ич кийимдер жана азык-түлүктөр табылды. Товардын жалпы наркы 4 740 358 сомду түзгөн.

Бул факт КЖБРдин Маалымат Журналында катталган. Чогулган материалдар тергөө амалдарынын кароосуна өткөрүлүп берилди.

МТСтин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх