Ош облусундагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алган деп шектелген прокурор кармалды
Ишкананын жумушчуларын карьердин сыртына чыгарып, атайын техникаларды тартып алышып мыйзамсыз түрдө 82 миллион сомдон ашык көмүр казып сатышкан
УКМКнын АКС кызматкерлери Ош облусунун прокуратурасынын кызматкери "О.У." тарабынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын иликтөө үчүн түзүлгөн Ведомстволор аралык ыкчам-тергөө тобунун ишинин алкагында жергиликтүү тургун "Ю.К.",Президент милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош шаарынын калкы менен 2020-жылдын 3-ноябрында жолугушуу учурунда Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору «ОУ» камакка алынды. Мындан тышкары, көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууга катышкан "О.У"нун жакын санаалаштарынын арасынан төрт жаран кармалган.
Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында, "Мухамед Умар" спорт клубунун кызматкерлери баш болгон бир топ адам 2020-жылдын январь айында "Жолчырак" ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагына киргендиги аныкталды. Ишкананын кызматкерлерин карьердин сыртына чыгарып, атайын жабдыктарды тартып алышып, алар тиешелүү салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, мыйзамсыз түрдө 82 миллион сомдон ашык көмүр казып сатышкан.
Ошол эле учурда, аталган адамдар кендеги көмүрдү мыйзамсыз казып алууну жана сатууну токтотуу керектиги жөнүндө жергиликтүү бийликтин бир нече жолку эскертүүлөрүнө жана талаптарына эч кандай реакция кылышкан жок.
Аталган фактылар боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу тарабынан текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www