Мурунку билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду
Такталбаган маалыматтарга караганда мурдагы чиновник өпкөнүн сезгенишинен улам көз жумган
Мурунку билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду. Vesti.kgге бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Бул бүгүн, 12-ноябрда болгондугу такталды. Бир нече Telegram каналдары Исаковго пневмония диагнозу коюлганын, натыйжада ал каза болгонун жазып чыгышты.
Эске салсак, 2019-жылдын сентябрь айында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ведомство башчылыгына Каныбек Исаковду көрсөткөн. Ал 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин министр болуп иштеген.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз