Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте атайын күчтөрдүн жардамы менен "БТР" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (сүрөт)

Ал адам ишкерге каракчылык кылган деп шектелүүдө

Чүй облусунун  ШИИМи Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Ысык-Ата РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноо фактысы боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Милиция ушул жылдын январь айында КЖБРдин АСке каттоосунда катталган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелген адамдын турган жерин аныктады. Шектүү белгисиз курал менен куралданып, Ысык-Ата районунда бир ишкерге каракчылык кылган.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал адам издөөгө алынган.

 

Чүй облусунун ШИИБи жана Бишкек шаарынын Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин алдында, Чүй облусундагы атайын ыкчам отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам-профилактикалык каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы Т.А. "). Ал Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Чүй облусунун ИИББнынбасма сөз кызматы
сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх