Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгүн саткан адамды дагы деле издеп жатат

"Уурулук" беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат

Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки процессти жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

- "Уурулук" беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталды, - деп билдиришти ИИМден. - Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын тургуну темир-тезек төгүлгөн жайдан Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн тапканы маалымдалган. Бул тууралуу адам социалдык тармакка жазган.

Ак үйдүн айланасындагы тосмо 6-ноябрда бузула баштаган. Бишкек мэриясы тосмо менен Ысык-Көл мейманканасын тосуу үчүн колдонулушу мүмкүн деп билдирди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх