Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санкт-Петербург шаарында эки кыргызстандык учактагы орунду бөлүшө албай, мушташа кетишти

Тартип бузгандар учактан чыгарылып, учак бир сааттан кийин учуп кетти

Санкт-Петербургдун аэропортунда Кыргызстандын эки жаранынын ортосунда чыккан мушташтан улам учак кечигип келген. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар ал орунду бөлүшкөн эмес. Аларды рейстен алып салышкан.

"Northern Capital Air Gateway" ЖЧКсынын (Пулково аэропортунун башкаруучу компаниясы - редактордун эскертүүсү) басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, учактын учуусу бир саатка жакын кармалды.

"Расписание боюнча учак саат 20: 10до учуп кетиши керек болчу. Бирок эки жүргүнчүнүн жүрүм-турумунан улам, учуу саат 21: 05те болгон. Учакта 145 жүргүнчү болгон. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн укук коргоо кызматкерлери тартылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх