Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКК УКМК: Талас облустук бириккен ооруканасын оңдоодо жумуштун баасы ашыкча көрсөтүлгөн

Техникалык көзөмөлдөө боюнча адис ККБ менен келишим түзгөн жеке ишкананын жетекчиси кармалды

УКМКнын АКСиТалас облустук бириккен ооруканасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча аткарылган иштердин баасын ашыкча баалоо фактысын аныктады.

Жеке ишкананын жетекчиси Д.А. Талас облусунун УКСнын техникалык көзөмөл адиси Ч.К. аткарылган иштин баасын негизсиз жогору баалаган. Материалдык чыгым 900 миң сомдон ашык сумманы түздү.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-бөлүгүнүн 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) КЖБРдин АСке катталган.

Учурда Д.А. Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган жана Ч.К. кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү тапшырылып, анын оорусуна байланыштуу келүүгө милдеттенме алынган.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх