Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык өнүгүү министрлиги 6 жаштагы баланы мыкаачылык менен сабаган өгөй атасына каршы сот ишин жүргүзөт

Башкармалыктын башчысынын орун басары Ализа Солтонбекова учурда бала Ат-Башыда чоң апасынын жанында экендигин билдирди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Сокулук районунда сабалган 6 жаштагы Рамазандын өгөй атасын сотко берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Ализа Солтонбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, катуу сабалган бала Ат-Башы айылында чоң апасынын жанында. Учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

«Рамазандын энеси кош бойлуу. Ал каршы арыз жазган. Мыйзамда баланын укугун коргоо зарылдыгы көрсөтүлгөн. Биздин кызматкерлер баланын өгөй атасын сотко беришет », - деди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчисинин орун басары Солтонбекова.

Эскерте кетсек, жакында Сокулук районунда өгөй атасы 6 жаштагы өгөй уулун катуу сабаганы белгилүү болгон.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх