Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жада калса жаңы сейил бактарда дагы отургучтарды сындырып жатышат

 "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасы өзүнүн жыгач устаканасына бар

Нөшөрлөгөн жаан-чачынга карабастан, "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасы борбор калаанын коомдук жайларына кам көрүүдө.

Тилекке каршы, биз баарынан мурда отургучтарды ирээтке келтиришибиз керек; таптакыр жаңы сейил бактарда дагы отургучтар бузулуп жатат.

 

Шаардын ресурстарын оптималдаштыруу үчүн муниципалдык бийлик шаардык Парктар муниципалдык ишканасы  алдында өзүнүн жыгач устаканасын ачты.

Куураган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды кулатуудагы бардык таштанды материалдар ушул цехке жөнөтүлөт. Эми шаардык кызматтар отургучтарды оңдоо үчүн жыгачтарды жана рейкаларды өзүлөрү чыгара алышат. Буга чейин 40тан ашуун отургучтар оңдолгон, оңдоого бир сом да жумшалган эмес.

 

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоону суранабыз! Кантсе да, шаарыбыз биздин жалпы үйүбүз!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх