Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ичкен шериктердин чыры бири-бирин сыйлайбы жокпудан чыккан, аягы өлүм менен аяктаган(сүрөт)

Шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды

Ош шаардык милициясы 32 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү тапты. Бул тууралуу түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, 28-ноябрда 62 жаштагы кишиге нөөмөттө турган милиция бөлүмүнө Ош шаарынын Атамбаев көчөсүнөн уулунун сөөгүн таптым деп 62 жаштагы адам кайрылган. 32 жаштагы П.А. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектелип 58 жана 60 жаштагы эркектер кармалган. Алар буга чейин адам өлтүрүү боюнча соттолгон. Кылмышка шектүүнүн биринин үйүнөн узундугу 40 см болгон кан жана бычактаган буюмдар табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өлтүрүлгөндөр жана шектүүлөр 27-28-ноябрга караган түнү спирт ичимдиктерин ичишкен. Мас абалынан улам, алар бири-бирин сыйлашабы же жокпу деп уруша башташкан, натыйжада спирт ичимдиктерин ичкен шериктердин биринин өлүмүнө алып келген.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

 

 

 Гулиза Чудубаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх