Каржы полициясы Ош шаарында экономикалык системалуу контрабанданын бетин ачты (сүрөт)
ЭКККМК контрабанданын кызыкчылыгын көздөгөн чиновниктерди аныктайт
Ош шаардык ЭКККМК (Финансы полициясы) башкармалыгы тарабынан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып келүү жана экспорттоо фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, аткаминерлердин катышуусу менен товарларды контрабанда жолу менен ташуу фактылары аныкталды.
Ошентип, ушул жылдын 11-декабрында "Достук" бажы постунан Өзбекстандан бара жаткан эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн «Вольво» маркасындагы жүк ташуучу унаа бажы төлөмдөрүн төлөбөй кармалган.
Бул факт КЖБРде катталып, сотко чейинки процесстер башталды.
Учурда ЭКККМК контрабандисттердин кызыкчылыгын лоббилдеген чиновниктерди аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
КРнын ЭКККМК боюнча басма сөз кызматы
Сүрөт www