Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз экспорттоо аракети чек арачылар тарабынан токтотулду
Татарстан Республикасынын жараны 3 тонна дизелдик отунду өткөрүү пунктунан тышкары алып өтүүгө аракет кылган
Өткөн ишемби, 12-декабрда, Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Тажикстандын аймагына мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май ташууну токтотушту.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын четине жакын жерде чек арачылар Тажикстандын жараны Т.М.дин башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасын таап, кармашты.
Кармалган адам 3 тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (дизелдик отун) Кыргызстандан Тажикстандын аймагына өткөрүү пунктунан тышкары, уруксаты жок мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана күйүүчү-майлоочу майлар кошумча иликтөө иштери үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www