Пакистандын жаранын Ош базарынын аймагынан сабап кетишкен
600 доллардан ашык акча жана уюлдук телефон туристтен тонолгон
Ош базарынын аймагында Пакистандын жаранын сабап, тоноп кетишти. Бул тууралуу Айгүл Кыргызстан колдонуучусу Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, туристтин уюлдук телефону жана 600 доллардан ашык акчасы болгон.
(автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган - ред.)
«Кечээ, 16.12.2020, Бишкек шаарына туристтик максатта келген Пакистандын жараны - Асиф Гуллду Ош базарынын аймагында сабап, тоноп кетишкен. Алар анын Samsung телефонун, 600 доллар, 500 сомун, 20000 пакистандык жана 100 кувейт динарын уурдап кетишти (ал учурда Кувейтте), - деп жазган ал.
Чет элдик жаран полицияга арыз менен кайрылган. Шектүүлөр изделүүдө.
Сүрөт www