УКМК интернетке экстремисттик материалдарды жарыялаган кыргызстандыкты кармады (сүрөт)
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал адам Сирияга жарандарды Интернет аркылуу чакырып жүргөн
Эл аралык террористтик уюмдардын терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК ЭТКнын активдүү мүчөсү, 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ш.Б.ны кармады.
А.Ш.Б. Интернеттеги ЭТКнын чет элдик лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча, андан ары Сириянын конфликт аймагына өтүү үчүн аскер кызматчыларын тартуу максатында террористтик жана экстремисттик мазмундагы материалдарды жарыялоо менен алектенген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн натыйжасында кармалган адамдан ок атуучу куралдар, ок-дарылар, байланыш каражаттары жана террористтик жана экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат каражаттары алынды.
Табылган буюм далилдер тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган адам Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www