Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыл районунда бир адамды өлтүрүп, канализация түтүгүнө ыргытып салышкан(сүрөт)

Кылмышка шектелип жабырлануучунун таанышы кармалды

18-декабрда Жайыл РОВДнын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылында  билдирүү түшкөн. Полиция кызматкерлери келгенден кийин канализациялык түтүктөн зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар адамдын сөөгүн табышкан.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча КЖБРдин АСке катталып, сотко чейинки иликтөө башталды. Д.Ф. 1979-жылы туулган белгилүү болгон.

Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган М.С., кармалып, Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери өлтүрүлгөн Д.Ф. 1976-жылы туулганы белгилүү болгон, ушул жылдын ноябрь айынын аягынан бери курулуш иштери менен алектенишет.

 

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмышка мас абалында эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон, мында кылмышты жашыруу максатында адамдын сөөгүн канализациялык түтүккө ыргытып жиберген.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Чүй облусунун ИИБ башкармалыгынын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх