Баткен облусунда чек арачылар аткезчилик жол менен жүк ташууну токтотушту
Кармалгандар жүктөрү менен иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын чек арачылары 20 жана 21-декабрда контрабандалык жүктөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнү токтотушту.
21-декабрда Баткен облусунун Чоң-Талаа аймагында чек арачылар Тажикстандын аймагынан уруксаты жок Кыргызстандын аймагына 2 жер казган станогун ташып бара жаткан 1991-жылы туулган А.Б., аттуу жаран башкарып бара жаткан Хундай-Портер автоунаасын кармашты.
20-декабрда Лейлек районунун Ак-Арык айылынын батыш тарабына жакын жерде чек арачылар тарабынан 1990-жылы туулган Ж.Э., аттуу жаран башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Актрос үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган.
Унааны текшерүү учурунда чек арачылар коштоочу документтери жок 1,5 тонна селитраны табышкан.
Кармалган адам аталган жүктү өткөрүү пунктунан тышкары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташууга аракет кылган.
Эки учурда тең кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www