Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Бишкек башкы архитектура" МИнын башчысын кармады

Бишкек мэриясынын кызматкерлери алдын ала аныкталган жеңүүчү менен жер тилкелерине ойдон чыгарылган аукциондорду өткөрүштү

УКМК Бишкек шаарынын мэриясындагы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттеринин жүрүшүндө, борбор калаадагы жер тилкелерине убактылуу пайдалануу укугун берүү боюнча мыйзамсыз тендер өткөрүүнүн фактыларын аныктады.


2017-жылы мэриянын, Жер ресурстары башкармалыгынын жана Бишкек мэриясынын “Бишкекглавархитектура” ЖЧКнын айрым кызматкерлери өз кызыкчылыктарын көздөп, аукционду жеңип алууга кызыкдар болгон үчүнчү жактар ​​менен кылмыштуу бүтүмдү түзүп, мыйзамсыз байытуу максатын көздөгөндүгү аныкталды.


Бир күн мурун, 24-декабрда жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-аракеттердин натыйжасында, Бишкек мэриясынын "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Т.АТ. (Асхат Түлөбердиев, - ред.) жана жалган тендердик З.М. кармалган.

Сотко чейинки процесстин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча КЖБРдин АСке катталган. Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пресс-центр ГКНБ
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх