Чет элдиктер Кыргызстанда террордук чабуул жасоону пландаштырышкан. Алар кармалган
УКМКнын маалыматы боюнча, башка мамлекеттин жарандары түрмөдөн качкандан кийин КРнын аймагында жашынып жүрүшкөн
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад шаарында КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандары М.А. жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн убактылуу кармоочу жайлардан качып кетип, Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Р.Ж.ны кармашкан
Кармалгандар жасалма документтерди колдонуп, андан ары Сириядагы куралдуу кагылышуу аймагына кетүү менен террордук чабуул жасоо максатында Кыргыз Республикасына мыйзамсыз келишкендиги аныкталды.
Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында кармалгандар Жалал-Абад РИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Учурда кылмышкерлерге жардам көрсөткөн башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери улантылууда.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www