Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун ЖКККББнын башчысы кармалды (сүрөт)

УКМКнын АКСи МАИ кызматкерлеринин коррупциялык схемасын ачыкка чыгарды. Инспекторлор күн сайын эл аралык жүк ташуучулардан 500 сомдон 5000 сомго чейин алышчу

УКМКнын АКСи, ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Актилек-Автобекет постунда Чүй ЖКККББдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан паракорчулуктун тутумдуу фактыларын каттады.

 

Жогорудагы өткөрүү пунктунда жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан тынымсыз 500 сомдон 5000 сомго чейин акча каражатын алышканы аныкталды. Ошол эле учурда, аталган өткөрүү пункту аркылуу күн сайын жүк ташуу 100дөн 200гө чейин унааларды түзөт.

 

24-декабрда Ички иштер министрлигинин Ички тергөө кызматы кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, Чүй ЖКККББдин Жол-кайгуул кызматынын 3 инспектору кармалган - "М.Т.М.", "Ш.Р.М.", "А.С.А."

25-декабрда, ушул коррупциялык схемага катышкандыгы үчүн, Чүй ЖКККББинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы, милициянын полковниги "Б.Ш.И."кармалган

УКМКнын АКСи ИИМдин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мыйзамсыз опузалап талап кылган башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин улантууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх