Бишкектен Ошко көтөрүлгөн учак кайра артка кайтты. Жарандар учак учууга кемчиликтүү болгон деп эсептешет
Жарандык авиация агенттиги жана Tez Jet учактын кайтарылышынын себептерин иликтөөдө
Бүгүн Бишкектен Ошко көтөрүлгөн учак кайрадан "Манас" аэропортуна кайтып келди. Жүргүнчүлөргө түштүк борбор бортту кабыл албагандыгы тууралуу маалымат берилди. Бирок, жарандар учак туура эмес иштеп, натыйжада аны Бишкекти көздөй артка бурууга туура келген деп шектенишет. Бул тууралуу ушул рейс менен келиши керек болгон жарандын тууганы Facebook социалдык тармагында жарыялады.
Vesti.kg “Манас” эл аралык аэропортуна түшүндүрмө сурап кайрылды, анда алар бардык аэропорттор штаттык режимде иштеп жаткандыгын, учактын артка кайтарылышынын себеби азырынча белгисиз экендигин билдиришти.
"Бүгүн Tez Jet учагы Бишкектен Ошко учуп кетти", - деп жооп берди басма сөз кызматы. - Белгисиз себептерден улам ал "Манас" аэропортуна бир сааттан ашык кечигүү менен кайтып келди. Жүргүнчүлөр ушул эле авиакомпаниянын башка бортуна которулган. Дагы бир учак Ошко учуп кетти. Бул маселени Жарандык авиация агенттиги жана Tez Jet авиакомпаниясы чечет. Бардык аэропорттор штаттык режимде иштеп жатышат. Ош аэропорту учакты кабыл алган жок деген туура эмес.
Медина Купсулдаева
фото www