Кеминде поезд сүзүп кеткен жигиттин абалы турукташты
Милиция жаранды адамды сактап калуу учурунда жапа чеккен деген версияны четке какты
Жаңы-жыл алдында поезд сүзүп кеткен Тилек Жумабековдун абалы турукташты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан билдиришти.
- Жабырлануучунун абалы туруктуу, ал буга чейин жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган, - деп билдиришти медициналык мекеме. - Бейтап керектүү дарылануудан өтөт, мындан ары донордук кан куюунун кереги жок.
Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты Кеминде Жаңы-жыл түнүндө бир жигит эркек кишини темир жолдон түртүп чыгарып, анын өмүрүн сактап калганын, бирок ал өзү эки бутунан айрылып калгандыгын жазган. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева социалдык тармакка жазып чыкты.
Бирок, кийинчерээк, Ички иштер башкармалыгы тарабынан транспортто жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, жабырлануучу темир жолдо жалгыз болгону белгилүү болгон. Айдоочу аны кагып кетпөө үчүн чакырык белги берген.
"Жабырлануучу бирөөнү куткарам деп жаткан версия чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.
Вероника Малышева
Сүрөт www