Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан УКМКнын жасалма кызматкери кармалды

Ал киши МАИ кызматкерлерине атайын кызматтын кызматкеринин жасалма күбөлүгүн көрсөткөн

Мындан бир күн мурун, 10-январда саат 14:55 чамасында Бишкек шаарынын Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү унааны мамлекеттик номердин жоктугунан токтотушкан.

Унаанын тиешелүү документтерин текшерүүдө арткы орундукта отурган жүргүнчү Б.А., өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, УКМК кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөн.

 

Процесстин жүрүшүндө МКК кызматкерлери УКМК кызматкеринин инсандык күбөлүгү жасалма экендигин аныкташкан. Бул жаран алардын кызматкери эмес экендигин УКМКнын өкүлдөрү дагы тастыкташты.

 

Бул факт боюнча, жаран Б.А. кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, мамлекеттик номери жок унаа адистештирилген унаа токтотуучу жайга коюлган.

Бишкек шаарындагы МККдин басма сөз кызматы
сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх