Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экс-директору кайрадан кармалды

Буга чейин чиновник ден-соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган

УКМК АКСи Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүндө жогорулатылган баада биологиялык продуктуларды жана вакциналарды мамлекеттик сатып алууну уюштурууда, ошондой эле кол алдындагы кызматкерлерден акча каражаттарын системалуу чогултууда кезектеги коррупциялык схемалардын бетин ачты.

Мамлекеттик инспекциянын директору К.Ж.нын жетекчилиги астында 2017-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди жеткирүү боюнча мамлекет үчүн атайылап жагымсыз келишимдер түзүлгөнү аныкталды.

Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынаксыз адамдардын бош жетекчилик кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоо фактылары аныкталды.

Ошондой эле, тергөө учурунда Мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринен К.Ж. жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык сыйлыктарды берүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.Ж. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Эскертүү: Коррупцияга байланыштуу 2020-жылы ноябрь айында К.Ж. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген, бирок ден-соолугуна байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх