Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курал-жарак сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзүлдү (сүрөт)

Милиция кызматкерлери Кара-Көл шаарында бир жигит курал сатып алуучуларды издеп жаткандыгын аныкташты

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады.
Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.


2021-жылдын 18-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын кызматкерлери «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу атуул ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.


Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх