Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун ИИБсы: Пакистандын жаранын ур-токмокко алуунун катышуучусу, чет элдик жаран анын буюмдарын аңтарды деп ырастоодо

ЗИЛ лыжа базасында болгон окуя боюнча сотко чейинки процесстер башталды

Пакистан жаранын ЗИЛ лыжа базасында сабоо фактысы боюнча сотко чейинки процесстер башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө тоо лыжа базаларынын бириндеги мушташ фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. 20 жаштагы чет элдик жаран З.А денесине залал келтирген белгисиз адамдарга чара көрүүнү талап кылган билдирүү жасады.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча КЖБРдин АСке катталган.

Тергөө учурунда жаңжалдын катышуучуларынын бири аныкталды. Анын айтымында, ушул жылдын 17-январында аталган базада достору менен эс алган. Саат 17:00 чамасында арыз ээси буюмдарын аңтарып карап баштаганын, алардын ортосунда уруш чыгып, түшүнбөстүктөн улам мушташ чыгып, натыйжада ал чет элдик жаранга денесине залал келтиргенин көрдүм.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Гулиза Чудубаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх