Башкы педиатр хирург Талант Өмүрбеков пневмония менен реанимацияда жатып калды
№3 балдар ооруканасынын мурдагы башкы дарыгеринин абалы оор
Кыргызстандын башкы педиатр хирургу, №3 балдар ооруканасынын мурунку башкы дарыгери Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен реанимацияда жатат. Vesti.kg бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Кийин белгилүү болгондой, Өмүрбеков ооруканага 2021-жылы 19-январда коронавирус менен түшкөн. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат.
- Дарыгерлердин консультациясы өттү, - деп белгилешти бөлүмдөн. - Бейтап бардык керектүү дарыланууларды алат, көзөмөлдө болот.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз