Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Каржы полициясы" Түштүк-Батыш бажысынын инспекторун кармады

"Достук" ө/б  кызматкерлери жүк ташуучу унааны Кыргызстандын аймагына документтерин бажылык жол-жоболоштурбастан жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргизген

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Ош шаары, аткаминерлердин катышуусу менен аткезчилик жол менен товар алып өтүү ишинин алкагында, Түштүк-Батыш бажысынын "Достук" өткөрмө бекетинин (алдын-ала бажы процедуралары жүргүзүлгөн жер) инспекторун кармады.

Ошентип, 2020-жылдын декабрь айында Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Финансылык полиция кызматкерлери тарабынан «Достук» кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына документтерди бажылык жол-жоболоштурбастан жана акча төлөбөй киргизген «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Натыйжада, эсептөөлөргө ылайык, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрү жана жыйымдары 700 миң сомдон ашык түшкөн эмес.

2021-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык ушул сотко чейинки өндүрүш үчүн МТСтин Достук өткөрмө бекетинин жооптуу кызматкери кармалып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул факты боюнча келтирилген 700 миң сомдук зыян толугу менен төлөнүп берилди. Тергөө иштери уланууда

ЭККМКнын маалымат кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх