Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын кызматкерлери Ош облусундагы баңгизаттын эл аралык каналын токтотушту (сүрөт)

Жарандар Борбор Азияда тыюу салынган заттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөн

22-январда УКМКнын кызматкерлери сотко чейинки процесстин алкагында Ош шаарында чек арадагы баңги заттар тобунун кылмыштуу аракеттерин токтотушкан.

Кармалган Кыргыз Республикасынын 1966-жылы туулган жарандары К.М. жана 1962-жылы туулган У.М. Борбордук Азия өлкөлөрүндө баңги заттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түздү.

Ошентип жүргүнчүлөрдүн алдыңкы отургучунун астынан унааны текшерүү учурунда салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү зат табылып алынган.

 

23-январда У.М.нын жашаган жеринен уруксат берилген тинтүү учурунда кампанын жанындагы аймакта, жалпы салмагы 500 граммдан ашык болгон үч кочкул күрөң брикет табылып, алынган.

 

Эксперттин корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар - баңги каражаттары - кара куурай чайыры (гашиш), алардын жалпы салмагы 600 граммдан ашкан.

 

Кармалгандар К.М. Ал эми В.М. Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Учурда УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх