Криминалдык авторитет Лемонтинин өлтүрүлүшү боюнча иш Нарын шаардык сотуна өткөрүлүп берилди
Былтыр март айында Алмаз Сулаймановду милиция имаратынын алдында бычактап өлтүрүшкөн
Каймана аты Лемонти криминалдык авторитет Алмаз Сулаймановдун өлүмү боюнча иш ушул жылдын январь айында Нарын шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, Нарында 2020-жылы 28-мартта ИИМдин имаратынын жанында Лемонти аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Ошол эле күнү, адам өлтүрүүгө шектүү адам кармалып милиция бөлүмүнө алып келип, күнөөсүн мойнуна алган. Белгиленгендей, 26 жаштагы Т.Ш. - 90-жылдары каза болгон Имаш Шамиевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Жигит атасынын өчүн алганын айтты. Сулаймановго кеминде 14 бычактан жаракат келтирилгени белгилүү болду.
Фото www