Ысык-Көлдө энеси менен баласын өлтүрүп кетишкен
Эки кишини өлтүрүүгө шектелген адам аныкталды. Аны азыр издеп жатышат
Бир күн мурун, саат 20:00 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы И.Ж. жана анын уулу 29 жаштагы И.К.нын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.
Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, шектүүнү кош адам өлтүрүү боюнча кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл районунун айылдарынын биринин тургуну шектелүүдө. Сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы жүргүзөт.
ИИМдин басма сөз кызматы
Фото www