Бишкек шаардык сотунун имаратына түндөп белгисиз адамдар эшиктерин талкалап киришкен
Сот бардык иштин материалдары жана документтери ордунда деп ишендирүүдө
9-февралдан 10-февралга караган түнү белгисиз адамдар эшиктерин талкалап, Бишкек шаардык сотунун имаратына киришкен.
«Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бардык иштер ордунда, учурда жарандык, кылмыш, административдик иштер боюнча чыгымдар табылган жок », - деп билдирди шаардык соттун басма сөз кызматы.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз