Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто беткапчан тоноочу терезелерди сындырып, улгайган аялдын үйүнө кирип барган (сүрөт)

Киши пенсионерди байлап зер буюмдарын, уюлдук телефонун, үтүгүн,  тамак-ашын алып кеткен. Ал издөө ишинин натыйжасында кармалган

Мындан бир күн мурун, 9-февралда саат 01:00 чамасында Токмок шаарынын улгайган тургунун тоноп кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, беткапчан кол салган адам үйдүн тосмосуна кирип, терезелерин талкалап салган. Кол салган адам физикалык күчтү колдонуп,  К.Э. нин(кожойке) колун байлап  алтын жана күмүш зер буюмдарын, уюлдук телефонду, үй буюмдарын жана тамак-ашты уурдап кеткен.

 

Бул факты КЖБРдин АСке катталган, Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы 202 (тоноо) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин статьясы боюнча сотко чейинки тергөө ишин баштаган. . Керектүү экспертизалар дайындалды.

 

Тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнын УКМКнын кызматкерлери жана Токмок шаарынын ИИОнун кызматкерлери кол салган адамды издөө ишинин натыйжасында кармашты. Бул Токмок шаарынын тургуну 27 жаштагы А.А.

Адам кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх