Уламалар кеңеши Финансы полициясынан ДИБМКнын ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүндү
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында текшерүү жана салыктык текшерүү жүрүп жатат
2020-жылдын декабрь айында ЭКККМК (Каржы полициясы) Уламалар Кеңешинен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү жөнүндө билдирүү алган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык уюмдагы же башка уюмдагы ыйгарым укуктарынан аша чабуу) боюнча катталган.
Учурда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, текшерүү жана салыктык текшерүү жүрүп жатат.
ЭКККМКтин басма сөз кызматы
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз