Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардын милициясы мурда дайынсыз жоголгон баланы табышты

Бала Исанов көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен

Кечээ Бишкек ШИИББинин 102 телефон номерине 2013-жылы туулган М.Н Исанов көчөсүндөгү үйдөн чыгып кетип, кайра үйүнө кайтпаганы кабарланган .  Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, борбор калаанын Биринчи Май РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору Патрулдук милиция кызматы менен биргеликте, жоголгон баланы күндүз «Глобус» соода дүкөндөрүнүн биринен табышып, андан соң ата-энеси аман-эсен өткөрүп беришкен. 

Баланын ата-энеси өз кезегинде Бишкек ШИИБдин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдиришти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх